"Кызыл-Кыя шаарында мугалимге ок чыгарган" деп шектелген Азамат Пахиров Бишкектен кармалып, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер органдарына жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, ок чыгаруу уруштан келип чыккан. Факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-февралда Баткен ОИИБинен билдиришти.
Эске салсак, Кызыл-Кыя шаарынын Тоо-кен техникумунда дене тарбия мугалими болуп иштеген Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Өрнөк айылынын тургуну, 24 жаштагы Абылкасым уулу Кабылга ок чыгарган 35 жаштагы Азамат Пахиров белгисиз себептерден улам ПМ-9 миллиметр тапанчасы менен бир нече жолу атып, качып кеткен. Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу барып, 6 даана болжол менен ПМ-9 миллиметр тапанчанын гильзаларын жана 1 даана ок табышкан.