Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Виталий Люкс кышкы трансферлерге бөлүнгөн убакытта клуб алмаштырды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин ойноп келген "Нюрнберг-2" командасынан "Унтерхахинг" командасына өттү. Команда "Бавария" аймактык лигасында ойнойт. Алгачкы жарым сезондо Люкс 15 оюнга чыгып, 5 гол киргизген.
Виталий Люкс менен клубдун ортосунда 2017-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлдү.