Биз социалдык тармакта

Борбордогу Куруучулар шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кампасы күйүп, 12 адам куткарылды

Борбор калаадагы Куруучулар шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кампасы күйүп, 12 адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Куруучулар шаарчасындагы №7-үйдүн 2-подъездинде 20 чарчы метр кампага берилген бөлмөнүн ичиндеги үй оокаттары, жыгачтар күйүп кеткен. Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 3-4-5-кабаттан 4 кичинекей бала жана 8 чоң киши куткарылган. Учурда кампанын ээси жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан