Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс мелдеши старт алды (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-февралда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Тарыхта 39-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке кыргыз мушкерлеринен тышкары Азербайжан, Орусия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Филиппин аралдары жана Монголиянын тандалган мушкерлерден турган курамалары катышууда.

Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан мелдеште 10 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталат. Катышып жаткан мушкерлердин саны 136ны түзөт.

Маалым болгондой, 3-5-февраль аралыгында мелдештин алдын ала беттештери орун алат. Жарым финалдык беттештер 6-февралга туураланса, финалдык беттештер 7-февралда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mamashov-emil
2016-02-03 15:35:23
super ech bir jerde online je sport kanaldan tuz efir jokbu ushundai chon turnir?
0
baxa-93
2016-02-04 02:38:19
Ийгилик жигитер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан