Өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада ойногон бишкектик "Алга" клубу канттык "Абдыш-Ата" клубунун коргоочулары Рустем Усанов менен Вениамин Шумейкону курамына кошуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Маалым болгондой, ал футболчулар менен 1 жылдык келишим түзүлдү. 30 жаштагы Р.Усанов жана 27 жаштагы В.Шумейко акыркы сезондо канттык клубдун курамында өлкө кубогун утушкан.
Буга катар бишкектик клуб "Абдыш-Атага" 2 коргоочусун жөнөттү. Алар: Самат Бердалы уулу жана Сулайман Самарбек уулу.