Футбол боюнча өлкө чемпиону “Алайга” Ош мэриясы кичи автобус, Футбол федерациясы медалдарды тапшырды (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-февралда Ош шаарында өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганы уткан “Алай” футболдук клубуна сыйлык тапшыруу аземи болду. Салтанаттуу иш-чарага мэр Айтмамат Кадырбаев, КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Гулам Анарбаев, “Алай” футболдук клубунун толук курамы,
мекеме-уюмдардын жетекчилери жана футбол күйөрмандары катышышты.

Шаар мэри футболчуларды куттуктап, кийинки беттештерге ийгилик каалады. Андан соң мэриянын атынан командага Лексус-330 үлгүсүндөгү жеңил унаа жана клубдун администрациясына Тойота үлгүсүндөгү кичи автобус белекке берилди.

Футбол федерациясынын өкүлдөрү “Алай” клубунун президентине, футболчуларына, машыктыруучуларына жана дарыгерлерине медалдарды тапшырды. Мындан сырткары команданын эң мыкты оюнчулары ар кандай номинациялар менен сыйланышты.

Кошумчалай кетсек, “Алай” өткөн сезондо чемпиондук жарышта бишкектик "Дордойду" артта калтырып, чемпиондукту камсыздаган. Чечүүчү оюнда "алайлыктар" Нарындын “Ала-Тоо” командасын 3:2 эсебинде утушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
arman00
2016-02-03 17:55:26
azamatsynar tropili menen bolgon oyunga jeniwti kutobuz
+4
bosmos777
2016-02-03 19:02:06
Мен Кыргыз катары. Улуттук курама оюнчулардын арасында, кара жалданма, оюнчулардын кобойбошун каалаймын! Бироосу эптееп, Бишкекте бироонун башын айлантып уйлонуп алды. Булардын жердештери ага иниси келип кобойушуп кетпесин!!! Топ кулаап,мыкты шамдагай Кыргыздын таза аба жутуп, жылкы багып,жылкы менен тен жарыша алган. Кыргыздын уулдары айылдарда коп!
-4
Xanif.Kg
2016-02-03 19:26:48
Алга "ФК АЛАЙ" азаматсынар...
Тиги мини автобуз менен, 330 унаасыны сатып, чонураак эле бир нормальный автобус алып алатурган экен Клуб...
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-02-04 10:31:14
Xanif.Kg, Туура айтасын тиги лексус 330 менен кичи автобусту сатып чонураак автобус сатып алса болот. Лексусту талашып кырылышпаса эле болду.
0
umar-ali
2016-02-03 20:00:15
Жакшы жанылык, бирок Улуттук курамда бул команданын бир да оюнчусун корбодум окшойт, мына ошол кызык мага эмнегедир. Же мен жанылышып жатамынбы?
-1
manas_skf
2016-02-03 21:42:40
Суйун Мырза мэрияда иштейт беле?!Неге кошулуп алганын тушунбойсун.
0
kgalik
2016-02-03 22:37:01
manas_skf, Суйун мырзанын каякта иштегени маанилуу эмес келип колдогону маанилуу досум, антип тукумдан кыр издеген болбойт, Суйун эркек адам, бийликтегилер Суйун мырзага Мелис Мырзакматовдун ордуна сен келишин керек дегенде эркекче мен иштеп жаткан адамдын ордун талашпайм талашпай койгон, Айтмамат Мелистин досу болсода сатып кеттиго
0
chyngyz-KG
2016-02-03 21:52:41
Болсун болсун
0
kgalik
2016-02-03 22:39:16
Алай алга сени колдойм мен
0
jigit.paren
2016-02-03 23:48:06
Умар али туура айтасың мен да бир да оюнчусун улуттук курамдан көрө албадым таң калам да.
-1
baxa-93
2016-02-04 02:16:03
Алга Кыргызстан
+1
adidas.08
2016-02-04 09:11:47
молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан