Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубуна 2016-жылга Ош мэриясы тарабынан 17,5 миллион сом каралган

Ош шаарынын мэриясы "Алай" футболдук клубун жетиштүү деңгээлде өнүктүрүү аракетин көрүүдө. Акыркы беш жылда эле клубду каржылоо 2,5 миллион сомдон 17,5 миллион сомго жетти. Бул тууралуу аталган клубду сыйлоо салтанатында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев билдирген.

Клубдун медиа-офицери Кубанычбек Ураимов бул маалыматты SUPER.KG порталына тастыктады. Ошондо 5 жыл мурун клуб мэрия тарабынан жылына 2,5 миллион сомго каржыланчу. Быйыл бул сумманын көлөмү 17,5 миллион сомду түзөт.

Мэр дагы Ош шаарында курула баштаган Футбол академиясынын бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатат. "Бул академия ишке кирсе, келечекте дүйнөгө белгилүү боло турган футболчулар дал ушул Ош шаарынан чыгарына ишенич чоң”,- деп кошумчалайт А.Кадырбаев өз сөзүндө.

Айта кетсек, "Алай" клубу 9-февралда Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Ливанда өтө турган беттеште жеңиш кыргыз футболчулары тарапта болсо, "Алай" мелдештин тайпалык баскычына жолдомо алат. Быйыл клубдун көп каражат сарптай турганы ушул эл аралык абройлуу мелдеш менен байланыштуу. Ошондой эле клуб кийинки сезондо өлкө чемпиондугун кайрадан утуу максатын койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patriot...kg
2016-02-03 20:56:22
Делай
+1
kgalik
2016-02-03 22:16:14
маашаллах дейли достор 17 миллион деген акча аз эмес, жакшы жанылык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан