Кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу, муай-тай боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Антонина Шевченко "Enfusion" деген аталыштагы ири телевизиондук мелдештин финалында жеңишке жетишти. Ал Түштүк Америка курамасынын капитаны катары мелдешке чыгып, 2-февралда финалда Африка курамасынын капитаны Летисия Бакисини (Габон) утту.
Кикбокс боюнча өткөн мелдешке түрдүү континенттерден бирден команда катышкан.