Өлкөнүн футзал боюнча улуттук курамасы Азия чемпиондугуна карата даярдыгынын алкагында Орусиянын “Норильский Никель” футзал клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Аталган команда өткөн жылы Орусиянын Кубогунун финалына чыккан.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, атаандаштар күчтүү курам менен майданга чыгып, оюн жогорку ылдамдыкта башталды. Эки команда тең арты-артынан чабуул уюштурганы менен, гол жаратуу мүмкүнчүлүгүн атаандаштар ийгиликтүү колдонушту. Жыйынтыгында алар 5 гол жаратышты. Ал эми кыргыз футболчулары 1 гол киргизип чектелишти. Оюн 5:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Улуттук курамабыз кийинки беттешин 5-февралда 2014-жылы Орусия чемпиондугун уткан “Дина” клубуна каршы өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу 10-21-февраль аралыгында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. "А" тайпасында футболчуларыбыз Ливан, Сауд Арабия, Өзбекстан курамалары менен ойношот.