Кант шаарында канализациялык чуңкурдан дат баскан жарылуучу заттар табылды

Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында канализациялык чуңкурдан дат баскан жарылуучу заттар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дат баскан жарылуучу заттар кечээ, 3-февралда саат 15:20 чамасында Канттагы “Кант-МТС” жабык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан табылган. Алар канализациялык чункурда дат басып жаткан жарылуучу заттарды көрүп калышкан. Аталган жерге КРнын Башкы штабынын жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу кызматкерлери келип, иликтөө иштери жүргүзүшкөн.

Натыйжада чуңкурдун ичинен 200 даана 80 миллиметрлик, 7 даана 156 миллиметрлик, 10 даана 100 миллиметрлик, 2 даана 120 миллиметрлик, 14 даана БМП снаряды, жалпы 233 даана снаряд бар экени аныкталган. Снаряддарды Башкы штабдын зыянсыздандыруу кызматкерлери полигонго жардыруу максатында алып кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aviator
2016-02-04 11:43:14
эртен дагы бир жерден танк таап чыкпагыла
+3
Rifle_2
2016-02-04 12:28:57
41-жылы согуштан калып калган окшойт да. Фронтко жөнөт деп тапшырса, жолдон эле ыргытып жиберген.
+2
Gulya21
2016-02-04 14:05:18
Кыргыз элибизди Аллах озу сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан