Футбол боюнча Орусияда өтө турган "Конфедерация Кубогу-2017" мелдешинин эмблемасы тааныштырылды

3-февралда "Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 500 күн калды" деген аталышта салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда 2017-жылы Орусияда өтө турган Конфедерация Кубогунун эмблемасы тааныштырылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 17-июнда старт алып, 2-июлда жыйынтыкталат. Биринчиликти Москва ("Открытие Арена" стадионунда), Санкт-Петербург ("Зенит Арена"), Казань ("Казань Арена"), Сочи ("Фишт") шаарларында өткөрүү пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 4 жылда бир ирет уюштурулуучу Конфедерация Кубогу Дүйнө чемпиондугуна 1 жыл калганда өткөрүлөт. Анда чемпиондук үчүн 8 команда катышат: мелдешти өз өлкөсүндө өткөрө турган команда, дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Азия, Латын Америка, Түндүк Америка, Европа, Африка, Океаниянын чемпиондору.

Азырынча мелдешке катыша турган 5 гана команда белгилүү. Алар: 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрө турган Орусия курамасы, Дүйнө чемпиону Германия, Азия чемпиону Австралия, Латын Америкасынын чемпиону Чили жана Түндүк Американын чемпиону Мексика.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Umar080814
2016-02-04 20:19:13
Стадиондордун сүрөттөрү барбы?
0
elmurat.kg
2016-02-05 01:39:18
Кудакаласа Мессини корот экенмин!урре
0
beku5761
2016-02-05 09:37:35
elmurat.kg, месси катыша албайт
0
nonem
2016-02-05 13:56:23
elmurat.kg,Меессин келелбайт Чилиликтер келет алар жактан.Буйруса европадан португалия алса Ронолду келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан