Жайыл айылына барчу жолду оңдоого 1 миллион 960 500 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жайыл райондук администрациясынын адиси Мирбек Абирчороев SUPER.KG порталына 4-февралда билдирди.
"Ооба, Жайыл айылына барчу жол капиталдык оңдоп-түзөө иштерин талап кылат. Ал жергиликтүү маанидеги жол, республикалык бюджеттин эсебинен тейленет. Ошол маселени чечүү үчүн Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы 2015-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолго асфальт төшөп берүү өтүнүчү менен кат жолдогон. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаев Кара-Балта-Большевик жолунун 8-11-чакырымдарына асфальт төшөө үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылкы куруу жана оңдоо, тейлөө иш планына киргизген.
2015-жылы май айында республикалык бюджеттен 1 миллион 960 500 сом бөлүнүп, №4-жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго шагыл төгүлгөн. Ошого карабастан, жолдон унаа көп өткөнү үчүн кайра эле абалы начар болуп калды. Быйыл биздин администрация Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдун 8-11, 7-чакырымдарына асфальт төшөп берүү өтүнүчү менен эки жолу кайрылды",- дейт Мирбек Абирчороев. Ошондой эле жергиликтүү калк чогулткан каражат ошол эле жолго таш төшөө иштерине жумшалганын кошумчалады.
Ал эми депутат Динара Исаевага байланышканыбызда 1 миллион сомду республикалык бюджеттен бөлдүрүп бергени белгилүү болду. Депутат айымга Жайыл айылынын тургундары бул жол маселеси тууралуу кайрылышканын, ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кат жолдогонун депутаттын жардамчысы айтты.
Эскерте кетсек, 2-февралда Жайыл айылынын тургуну SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу айылдагы жолдун соо жери жоктугун жазып жиберген.