Футбол улуттук курама команда Эл аралык футбол федерациясынын 4-февралда жаңыланган рейтингинде 105-орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен курамабыз эгемендүүлүк тарыхыбыздагы жаңы рекордду жаратты.
Аталган федерациянын расмий сайты кабарлагандай, жаңыланган рейтингде Кыргыз Республикасынын курамасы 2 орун алдыга жылды. Буга курамабыздын акыркы 2 айда бир дагы беттеш өткөрбөгөнү жолтоо боло алган жок. Рейтингдеги өзгөрүү Ливия жана Никарагуа курамаларынын өз ордуларын сактап кала албаганы менен байланыштуу.
Кошумчалай кетсек, декабрда курам 108-орунду ээлеп, 2006-жылы коюлган өз рекордун жаңылаган (рекорд 119-орун болуп келген). Январь айындагы рейтингде 107-орунга улуттук курамабыздын аты жазылган.
Азия чөлкөмү боюнча рейтингде болсо курамабыз 14-орунду ээлеп турат.
Рейтингдин алдынкы сабында дагы да болсо Бельгия, Аргентина жана Испания курамалары жайгашкан.
Кийинки жолу рейтинг 3-мартта жаңыланмакчы.