Бишкектин волейбол боюнча курамасынын мүчөлөрү “Спорт чебери” күбөлүктөрүн алышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, күбөлүктү спортчулар Жалал-Абадда өткөн Кыргыз Республикасынын 2015-Спартакиадасында көрсөткөн жетишкендиктери үчүн алышты.
Наамга 12 оюнчу татыктуу болду: Самат Догочиев, Маназбек Нуралы уулу, Алмазбек Ирискулов, Талгат Кубатбек уулу, Нияз Гапаров, Мирбек Кутуев, Андрей Анкудинов, Марс Момуналиев, Дамир Газинур уулу, Кутманбек Абсатаров, Оңолбек Каныбек уулу, Калназар Жакып уулу.
Ал эми күбөлүктөрдү Бишкек шаарынын Спорт жана дене тарбия комитетинин спорттук-окуу бөлүмүнүн жетекчиси Аскар Айдаракунов тапшырды.