Бишкекте мечиттерге видеобайкоо аппараттарын орнотуу боюнча бир катар маселелер каралды

Кечээ, 5-февралда Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы менен Бишкек шаардык казыятына караштуу Биринчи Май районунун имамдары биргеликте жыйын өткөрүштү. Анда экстремизмдин алдын алуу, мечиттерге видеобайкоо аппараттарын орнотуу жана ИИМдин кызматкерлери менен имамдардын тыгыз кызматташтыгын мындан дагы бекемдөө талкууланды.

"Жолугушууга Биринчи Май РИИБинин башчысы, милициянын полковниги Сталбек Рахманов, райондун башкы имамы Рысбай ажы Ахунбаев жана мечит имамдары катышты.
Жыйындын алкагында коомчулуктагы экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ИИМдин кызматкерлери менен имамдардын биргеликте иштөөсү боюнча бир катар маселелер каралды. Ошондой эле мечиттердин документтерин кыска убакыт ичинде мыйзамдаштыруу боюнча биргелешип иш алып баруу чечими чыгарылды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayida
2016-02-06 11:13:17
Туура кылыптыр колдоймун!Жолдорго да орнотуш керек керек болсо.
+1
Rifle_2
2016-02-06 11:15:06
Ayida,анча камераны ким карайт анан ?
0
Rifle_2
2016-02-06 11:15:47
Андар көрө ар бир адамга гоо про алып бергиле, көтөрүп жүрөт.
0
Inna_91
2016-02-06 11:19:53
Ошондо чындык билинет
0
jon_jurgon_jakpady
2016-02-06 21:03:13
Ошко да койулатпы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан