Чоң-Алай районунун кесиптик лицейинин окуучуларына экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча атайын лекциялар өткөрүлдү

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы №44-кесиптик лицейдин окуучуларына ар түрдүү терс көрүнүштөрдөн оолак болуу боюнча атайын лекциялар окулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган сабактарды райондун башкы имамынын орун басары Эрмекали Ботобаев өтүп, экстремизм жана радикализмдин алдын алуу жана жаштар арасындагы ар түрдүү терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан сырткары динди туура түшүнбөгөндүктөн, кээ бир жарандар Сирия азгырыгына туткундалып жатканын белгилеп, ар бир окуучу динди расмий бекитилген дин кызматкерлеринен үйрөнүүсү керектигин билдирди.

Ботобаев аталган иш-чара башка мектептерде да өткөрүлөрүн, сабактарга ата-энелер жана мугалимдерди да катыштыруу пландалганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан