7-10-февраль аралыгында Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында Спорт басылмаларынын эл аралык ассоциациясынын 79-конгресси орун алат. Дүйнөлүк конгресске 100дөн ашуун мамлекеттен спорт журналисттеринин келүүсү күтүлүүдө.
Жыл сайын уюштурулуучу конгресске быйыл мамлекетибизден SUPER.KG порталынын кабарчысы Максат Кудайбердиев жана телеалпаруучу Гүлжан Турдубаева бармакчы. Мындай чечимди КРнын Спорт журналисттеринин федерациясынын президенти Улукбек Салымбеков кабыл алып, алардын барып келүүсүнө шарт түздү.
Анда алдыда боло турган ири мелдештердин презентациялары орун алат жана спорт журналистикасындагы маселелер каралат. Ошондой эле журналисттер Катардын Спорт күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага күбө болушмакчы.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Спорт журналисттеринин федерациясы өткөн жылы 20 жылдыгын белгилеген. Бул федерацияга учурда 30га чукул журналист мүчө.