Шашылыш билдирүү! 9-11-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, узакка созулган аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: 9-11-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 9-10-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болору күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

10-12-февралда абанын температурасы төмөндөйт: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 2…7° суукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 10…15°, күндүз 5…10° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 21…26°, күндүз 10…15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30° суукка, күндүз 13…18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_2
2016-02-06 11:13:24
Кыш башталгандан бери 3 эле жолу кар күрөдүм эле. Көп жааса экен.
+2
BekAmir
2016-02-06 13:11:31
Дайым эле Ыссык-колдо шамалдын ылдамдыгы 24метрге жетет дей беришет. 25метрден катуу болсо озгочо кырдаал жарлатда. Мамлекет зыяндарды толошуно туура келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан