Өлкөнүн мектептерин интернет менен камсыз кылуу маселеси иштелип чыгат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин коллегиясы 3-февралда болуп өттү. Анда 2015-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, Байланыш агенттигинин 2016-жылга карата иш планы каралды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

"Байланыш агенттигинин аткарган иши 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга багытталган. Бул болсо өлкөнүн аймактарын магистралдык булалуу-оптикалык линиялар менен камсыз кылуу, санариптик телерадио берүүгө өтүү, байланыш рыногундагы атаандаштык рынокту өнүктүрүү максатында радио жыштык спектринин натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуу",- деп белгиледи агенттиктин башчысы Чыңгыз Бекташов.

Отурумдун жүрүшүндө 2016-жылга карата аткарыла турган иштердин негизги багыттары жана артыкчылыктуу маселелер аныкталды. Байланыш агенттиги ушул жылы КР санариптик телерадио берүүгө өтүүнү аяктоо, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте өлкөнүн мектептерин интернет менен камсыз кылуу маселесин иштеп чыгууну, мобилдик байланыш операторлорунун кызматтары көрсөтүлбөгөн магистралдык автоунаа жолдорун жана калктуу конуштарды уюлдук байланыш менен камсыз кылууну улантууну жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн, интернет жана санариптик телекоммуникациясынын сапатын жакшыртууну, ошондой эле 4G байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн камтуу аймагын кеңейтүүнү пландаштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot...kg
2016-02-06 13:33:36
огоо 4G келип калса жыргализм башталатко
+1
arman00
2016-02-06 13:54:29
bizdin ayulda 3g da jok
+1
Genar.benicio
2016-02-06 16:13:40
Токтогулда 4G бар,жакшы башка аймактарга караганда "современныйбыз" :)
-2
Patriot...kg
2016-02-06 16:16:49
Genar.benicio, Токтогулдун кайсыл жеринде? Кайсыл оператордун 4Gсы бар
0
Rifle_2
2016-02-06 21:28:07
Genar.benicio,4G заманбаптыктын белгиси эмес. Бул жөн гана ылдам интернет. Анан да Токтогулда 3G бар экенин билет элем. Ошканын сайтында көрсөтүлбөптүр Токтогулда 4G бар деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан