Бүгүн, 7-февралда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталат. Финалдык беттештер Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алып, саат 12:00дө башталат.
Тарыхта 39-ирет уюштурулуп жаткан мелдештин финалында 10 беттеш болот. Анын жетисинде кыргыз мушкерлери алтын медалдын камын урушмакчы.
Финалдагы атаандаштар:
49 килограмм салмакта
Сакен Бибосинов (Казакстан) — Турат Осмонов (Кыргыз Республикасы)
52 килограмм салмакта
Азат Усеналиев (Кыргыз Республикасы) — Мохамед Флисси (Алжир)
56 килограмм салмакта
Сардор Музапаров (Өзбекстан) — Өмүрбек Малабеков (Кыргыз Республикасы)
60 килограмм салмакта
Бек Камчыбеков (Кыргыз Республикасы) — Константин Богомазов (Орусия)
64 килограмм салмакта
Эрмек Сакенов (Кыргыз Республикасы) — Чади Абдулкадер (Алжир)
69 килограмм салмакта
Ихтияр Шабданбаев (Кыргыз Республикасы) — Ислам Думанов (Орусия)
75 килограмм салмакта
Исраил Мадримов (Өзбекстан) — Нуржан Жакан (Казакстан)
81 килограмм салмакта
Абделхафид Бинчабла (Алжир) — Абзал Куттыбеков (Казакстан)
91 килограмм салмакта
Сергей Паренко (Кыргыз Республикасы) — Ислам Такеев (Орусия)
91 килограммдан жогорку салмакта
Улугбек Мубинов (Өзбекстан) — Артём Сусленков (Орусия)