Бишкекте салттуу ушу боюнча чемпиондук жыйынтыкталды. КРнын Салттуу ушу федерациясынан 8-февралда кабарлашкандай, мелдешке 7-72 жаштардагы 250дөн ашык спортчу катышып, Мухаммед Адилов, Айдай Төлөгөнова, Камил Мураков, Алия Самудинова, Нурдан Асылбеков, Никита Голодецкий, Александр Цой, Жайсаң Нурбаев, Азирет Мусаев, Канышай Бошкоева, Бакыт уулу Жанболот жана башкалар жеңүүчү болушту. "Москвадагы ушу жылдыздары - 2016" Эл аралык турнирине катышуучу күчтүү спортчулар тандалганы айтылды. Мелдеш февраль айынын ортосунда өтөт.