Тайвандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жетти, 110 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымат ылайык, Тайнань шаарында 17 кабаттуу үй урап, үйдүн алдында калган жарандарды издөө иштери уланууда. 500дөн ашуун адам ар түрдүү жаракаттарды алып, урандылардын алдынан 350 адам тирүү алынып чыккан.
Эске салсак, Тайвандагы Тайнань шаарында жер титирөө 6-февраль күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 04:00 чамасында болгон. Жер титирөөнүн күчү 6,4 баллды түзүп, очогу жер астында 10 чакырым тереңдикте экени аныкталган. Тайванда катуу жер титирөө 1999-жылы катталган. Анда жер титирөөнүн күчү 7,6 баллды түзүп, 2300 адам жабыркаган.