Жалал-Абад шаары боюнча эки саркынды суу топтолуучу жай эскилиги жеткендигине байланыштуу коомчулук үчүн кооптуу абалды жаратууда. Бул тууралуу 8-февралда Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Саркынды суу топтолгон жай кыйроого учураса, ар кандай жугуштуу оорулар тарап кетиши мүмкүн. Аталган жай 1950-жылдары курулуп, андан бери эч кандай оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Азыркы тапта Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун аймагындагы чогулуп келген кир суулардын баары ушул эки жайга топтолот. Азыркы тапта Экологиялык-техникалык инспекция текшерүүлөрдү жүргүзүп, эскертүүлөрдү берүүдө. Эгер берилген мөөнөт аралыгында саркынды сууларды топтоочу жайдын коопсуздугу каралбай турган болсо, анда мекеме мыйзам жолу менен тийиштүү тармактарга чара көрөт.