Жалал-Абад шаарынан чыгарылган таштандынын баары Барпы айылынын аймагына төгүлөт. Таштанды төгүлгөн жердин аянты 9 гектар. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын билдиришинче, жергиликтүү тургундар көптөн бери аталган жай боюнча даттанып жүрүшөт. Айланасы тосулбаган аймакка мал кирип кетүүдө жана таштандылардан чыккан жыт айылды каптоодо.
"Адистер таштандылардан чыккан жыт жашоочулардын ден соолугуна зыян алып келерин айтышууда. Инспекция талаптарга, эскертүүлөргө баш ийбеген тийиштүү органдарды сотко берип айып пул төлөтүп, элдин саламаттыгын сактоо чараларын көрүүнү талап кылууда",- деп билдирет мекеме.