Бишкекте кадеттер арасында эркин күрөш боюнча Ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр мектебинде өткөрүлдү. Ага 1999-2002-жылкы 300гө жакын спортчу катышты. Бардык жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.