Оштогу Жолон Мамытов атындагы Журналисттер аллеясына арчалар тигилди (фоторепортаж)

Бүгүн, 8-февралда Ош шаарындагы акын Жолон Мамытов атындагы Журналисттер аллеясына арчалар тигилди. Ага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматкерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Шаар мэри жаңы отургузулган жашыл арчалар аталган аллеяны гана жашылдантып, көрккө бөлөбөстөн, Ош шаарынын көркүнө көрк берерин белгиледи.

"Жаздын бир күнү бир жылга тете" демекчи, учурда шаарыбызды көрктөндүрүү максатында көчөт отургузууну баштадык. Өткөн жылы шаарыбызда жеңиштин 70 жылдыгына арнап 70 миң түп бак-дарак тиккенбиз. Быйыл 100 миң түп бак-дарак отургузууну пландап жатабыз. Ошондой эле 2015-жылы 450 миң түп гүл көчөттөрүн отургузууну пландаган болсок, иш жүзүндө 600 миң түп гүл тиктик. Бул жылы да Ош шаарыбызды жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн бак-дарак, гүлдөрдүн түрүн жана санын көбөйтөбүз”,- деди Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2016-02-08 19:17:34
Мынча жакшы бизде жарым метр
каар бар,жаздын белгиси жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан