Бишкекте уюштурулуп, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкүл Шопоковдун атын алып жүргөн бокс боюнча эл аралык мелдеш 7-февралда жыйынтыкталды. Анда кыргыз мушкерлери жалпысынан 14 медаль тагынып, командалык эсепте 1-орунду ээлешти.
Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдеште 40 комплект медаль ойнотулган. Жалпысынан 10 мамлекеттен 136 мушкер катышкан. Улуттук курамабыздын эсебинде 5 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль бар.
Командалык эсепте 2-орунду 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) алган Орусия курамасы багынтса, Казакстан эсебиндеги 7 медалы (1 алтын, 2 күмүш, 4 коло) менен 3-орунду ээледи.