Бүгүн, 9-февралда футбол боюнча өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу ливандык "Триполи" клубу менен кез келет. Беттеш Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунун алкагында өтөт. Бул беттеште уткан команда аталган мелдештин тайпалык баскычына жолдомо алат.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, беттешке Бишкек сааты боюнча 17:45те старт берилет.
"Алай" бул оюнга олуттуу даярдык көрдү. Команда башта машыктыруучулук кызматка Айбек Татановду дайындаган. Андан соң команда Түркиянын Самсун шаарында машыгуу сборун өткөрдү. Анда футболчулар жергиликтүү "Самсунспор" клубуна каршы жолдоштук беттеш өткөрүп, 3:0 эсебинде утулуп калышты.
Команданын машыктыруучусу Айбек Татанов SUPER.KG порталына ой бөлүшүп, оюн оңой болбосун, бирок кийинки турга чыгуу мүмкүн экенин айтты.