Бүгүн, 9-февралда Түп райондук төрөт үйүнүн алдына жакында ооруканадан каза болгон ымыркайдын жакындары митингге чыгышат. Муну SUPER.KG`ге уюштуруучулар кабарлашты.
Эскерте кетсек, январь айында аталган төрөт үйүндө дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 10 күндүк ымыркай каза болгону жарыяланган. Баланын ата-энеси ымыркай вакуумда күйүп калганын кабарлашкан эле. Саламаттык сактоо министрлиги "ымыркай вакуумда эмес, түйүлдүктөгү инфекциядан улам көз жумган" деп билдирүү жасаган. "Дарыгерлер "ымыркайдын энеси түрдүү илдеттер менен жабыркагандыктан бала каза болуп калды" деп жатышат. Мындан кийин энеси өз өмүрүнө кол салды. Бир нече ирет анализ тапшырып, таза чыкты. Эми алар күнөөлүү дарыгерлерге катуу жаза берүүнү талап кылышууда. Алар төрөт үйүнүн башчысынын кызматтан алынбай иштеп жатканына нааразы. Саламаттыкты сактоо министрлиги эмнеге үн катпай жатат?"- дешет уюштуруучулар.