Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда бүгүн, 9-февралда 1 доллар 73 сом 80 тыйындан сатылып жатат (саат 7:40ка карата). Долларды сатып алуу 72 сомдон болууда.
2015-жылдын декабрь айында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллар 78 сомго бааланып калган. Улуттук банк курстун деңгээлин бир калыпта кармап туруу үчүн жалпы 260 миллион доллардан ашуун акчаны сатыкка чыгарган. Андан бери да интервенция жасап, курсту тең салмакта кармап турган. Акыркы апталарда АКШ валютасы кескин төмөндөдү.