Кечээ, 8-февралда Катардын Доха шаарында Спорт басылмаларынын эл аралык ассоциациясынын (AIPS) дүйнөлүк конгресси башталды. Иш-чаранын ачылыш аземинде уюмдун башчысы Жианни Мерло, уюмдун вице-президенттери жана бардык өлкөдөн келген спорт журналисттери катышты.
Анда куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, спорт тармагындагы маселелер, ийгиликтер, уюмдун жетишкендиктери сөз болду. Маалым болгондой, иш-чарага 4 континенттен 200гө чукул журналист чакырылган.
Кыргыз мамлекетинин атынан аталган конгресске SUPER.KG порталынын кабарчысы Максат Кудайбердиев жана телеалпаруучу Гүлжан Турдубаева катышууда.