Доха. Дүйнөнүн ар тарабынан чогулган спорт журналисттери сириялык качкын Усама Абдель Мохсенге, уулу Заидге колдоо көрсөтүштү

Учурда Катар мамлекетинин Доха шаарында Эл аралык спорт басылмаларынын ассоциациясынын дүйнөлүк конгресси өтүп жатат. Тарыхта 79-ирет уюштурулуп жаткан конгресстин расмий ачылышы 8-февралда орун алган.

Ачылыш аземинде дүйнөнүн түрдүү аймактарынан келген спорт журналисттерине белгилүү сириялык качкын Усама Абдель Мохсен менен уулу Заид тууралуу видео көрсөтүлдү. Андан соң ал экөө эл алдына чакырылды. Видеонун мазмунуна токтолсок, качкындарга колдоо көрсөтүү чакырыгы жасалып, спорт чөйрөсүндө качкындарга сый мамиле кылынуусу керектиги айтылды.

Эсиңиздерде болсо, Сириядан качып бараткан качкындарды видеого тартып жаткан венгриялык оператор уулун көтөрүп чуркап бараткан Усама Абдель Мохсенди чалып жыккан. Бул окуя коомдо чоң талкуу жараткан. Кийин бул качкындарга көп колдоо көрсөтүлгөн. Алардын катарында футболчу Криштиану Роналдунун Заидди майданга ала чыкканы, испаниялык кайсы бир клуб Усама Абдель Мохсенге жумуш бергени эл эсинде калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aselushka
2016-02-10 09:51:27
Кудайым согуш болбосунчу. Криштиану азамат!
+4
jasgul
2016-02-10 10:19:11
чалып жыккан операторго барып "рахмат" айтып кой эми Усама Абдель Мохсен. Эгер ал жыкпаганда сен коп качкындын бири катары журмоксун да.
0
aikol87
2016-02-10 10:42:34
jasgul,созуно кошулам.
-1
Patriot...kg
2016-02-10 10:30:08
Роналду
Мусулмандарга ар дайым жардам берип келет. Аллах ыраазы болсун
+2
boston___
2016-02-10 11:27:55
Мандайга жазганын коруп жатат кудай деген адам экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан