Бишкекте окуучулар арасында илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө

Бишкектин Свердлов районунда мектеп окуучуларынын арасында илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө. Муну бүгүн, 9-февралда шаар мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын башкы максаты балдарды илимдин жетишкендиктери менен жакындан тааныштыруу, алардын инженердик-техникалык кесиптерге кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Жумалык 8-14-февраль күндөрү өтөт. Анын алкагында окуучулар жогорку окуу жайлар менен ичинен таанышып, окумуштуу, инженер, технолог жана ойлоп табуучулар менен жолугушат. Ошондой эле мектепте сабак маалында жана сабактан тышкаркы иш-чараларда өздөрүнүн колунан жаралган
илимий-техникалык каражаттарын көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан