Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу ливандык "Триполиге" утулуп, эл аралык мелдештен четтеп калды (фоторепортаж)

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун финалдык баскычына чыга албай калды. Футболчуларыбыз 9-февралда ливандык "Триполи" клубуна каршы беттеште пенальтилер сериясында утулуп калышты.

Оюндун башында атаандаштар оюнду толук көзөмөлгө алышканы менен, дарбазага кооптуу соккуларды узата алышкан жок. 2-таймда гана оюн тең салмактуу болду. Оюндун 33-мүнөтүндө "Алайдын" дарбазасына пенальти коюлду. Дарбазачы Валерий Кашуба атаандаштардын эсепти ачуусуна бөгөт коюп, топту тосуп калды. 120-мүнөткө чейин оюн кызуу болгону менен, гол жаралган жок. Шарт боюнча жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталмай болду.

Пенальтилер сериясында "Алайдын" курамынан Алиа Силла, Турсунали Рустамов, Ильяз Алимов, Шухрат Рахманов, Нурбек Жолдошев жана Аброр Кыдыралиев өз мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, гол киргизишти. Бирок алтынчы болуп тепкен Муролим Ахмедовдун тобун атаандаштын дарбазачысы тосуп калды.

Ушуну менен "Алай" аталган мелдештен четтеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rifle_2
2016-02-10 04:47:22
Супер , саат төрттө да уктабайсыңарбы ?
-2
Maks_shop
2016-02-10 05:10:19
эххх ,качан болсо ушунтеминер
-1
Patriot...kg
2016-02-10 07:24:54
Качан болсо утулуп эле жүрөсүңөр
-1
sirgak_92
2016-02-10 09:11:53
Эчтеке эмес за то формасы зынк экен
+1
bazarkyl
2016-02-10 09:14:38
суротто ливандык тар жаман биздикилерге секириптирге.
+1
Alixan-Nookat.2015
2016-02-10 11:40:17
Бул жерде Кыргызстандын курама командасы эмес областан бир команда барып ойноп жатат буюрса баары жакшы болот азаматсынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан