Баш калаада ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап, пайдаланып жүргөндөргө карата рейддер жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
9-февралда жүргүзүлгөн рейдде бир катар жарандар атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышкан. Жарандардан 16 калибрдеги номери өчүрүлгөн атуучу курал, 34 даана 7,62 миллиметрлик СВДнын октору, СФ115Л деген жазуусу бар “Наган” тапанчасы 5,45 миллиметр калибриндеги ок атуучу куралдын 15 даана огу, 12 миллиметр калибриндеги ок атуучу куралдын 4 даана огу, 5,45 миллиметр калибриндеги АК-74 ок аттуучу куралдын огу, №53071 белгисиз үлгүдөгү мылтык, 5,39 миллиметр калибриндеги 23 даана ок, 1 даана сигналдык ракета, 7,62 миллиметр калибриндеги 20 даана ок тапшырылган.
Талас облусунда жергиликтүү тургундар 5,45 миллиметр калибриндеги 117 даана, 7,62 миллиметр калибриндеги 21 даана, 9 миллиметр калибриндеги 3 даана ок-дары жана УЗРГМ-2 гранатасынын запасын өз ыктыярлары менен ички иштер бөлүмдөрүнө өткөрүп беришти.