Ошто Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Ошто 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 18-19-февраль күндөрү эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт. Муну бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:

1-топ - Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдарынын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлеринин арасында;

2-топ - шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Бул мелдештин негизги максаты - республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө, ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү”,- деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан