Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары кыздар арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна катышышат. Мелдеш 17-22-февралдарда Таиланддын Бангкок шаарында өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги расмий сайтында жарыялады.
Кыздар арасындагы күрөш боюнча спортчулардын тизмеси:
- Айсулуу Тыныбекова, 1993-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери;
- Розалия Тилегенова, 1994-жылы төрөлгөн, Спорт чебери;
- Нурланбек кызы Бермет, 1996-жылы төрөлгөн, Спорт чебери;
- Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу.
Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 510 миң сом бөлүндү.
Грек-рим күрөшү боюнча спортчулардын тизмеси:
- Каныбек Жолчубеков, 1989-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 59 килограмм;
- Нургазы Асанкулов, 1996-жылы төрөлгөн, Спорт чебери, салмагы 66 килограмм;
- Руслан Царев, 1991-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 71 килограмм;
- Самат Шырдаков, 1994-жылы төрөлгөн, Спорт чебери, салмагы 75 килограмм;
- Саматбек Чоноралиев, 1994-жылы төрөлгөн, Спорт чебери, салмагы 80 килограмм;
- Жанарбек Кенжеев, 1985-жылы төрөлгөн, Эмгек сиңирген спорт чебери, салмагы 85 килограмм;
- Узур Жузурбеков, 1996-жылы төрөлгөн, Спорт чебери, салмагы 98 килограмм;
- Мурат Рамонов, 1990-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 130 килограмм;
- Адылбек Невреев, дарыгер;
- Азат Эркимбаев, ага машыктыруучу;
- Канатбек Бегалиев, башкы машыктыруучу.
Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 1 миллион 196 миң сом бөлүндү.
Эркин күрөш боюнча спортчулардын тизмеси:
- Улук Жолдошбеков, 1996-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 57 килограмм;
- Улукман Маматов, 1992-жылы төрөлгөн, Спорт чебери, салмагы 65 килограмм;
- Догдурбек уулу Эламан, 1993-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 70 килограмм;
- Саякбай Усупов, 1995-жылы төрөлгөн, Спорт чебери, салмагы 74 килограмм;
- Айбек Усупов, 1988-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 86 килограмм;
- Магомед Мусаев, 1989-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 97 килограмм;
- Айаал Лазарев, 1986-жылы төрөлгөн, Эл аралык класстагы спорт чебери, салмагы 125 килограмм;
- Бактыгүл Алишева, дарыгер;
- Таабалды уулу Сүймөнкул, ага машыктыруучу;
- Русланбек Маджинов, башкы машыктыруучу.
Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 1 миллион 127 миң сом бөлүндү.
Ошондой эле кыргыз өлкөсүнүн 2 калысы, Мейрамбек Ахметов жана Кочкор Кулматов беттештеги күрөштөрдө калыстык кылышат. Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 278 миң сом бөлүндү.