Бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын футзал боюнча улуттук курамасы Өзбекстандын футзалчылары менен Азия чемпиондугунда беттешке чыкты. Өзбек оюнчулары алгачкы оюн бөлүгүндө эле эсепти ачып алууга жетишишти. Экинчи бөлүктө дагы 1 гол киргизишип, 2 голду өз пайдаларына жаза алышты. Оюн аяктаганга аз гана убакыт калганда кыргыз футзалчылары намысты колдон чыгарбаганга аракет кылып, 1 гол киргизип калышты. Ошентип, таймаш өзбек оюнчуларынын утушу менен жыйынтыкталды. Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат.
"А" тайпасында спортчуларыбыз эми 14-февралда Сауд Арабия курамасы менен ойношот.