Кыргыз спортчулары Катарда жеңил атлетика боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат

17-22-февраль аралыгында Катар мамлекетинин Доха шаарында жеңил атлетика боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия чемпиондугу болот. Мелдешке мамлекетибиздин жеңил атлетика боюнча курамасы катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Татьяна Борисова жана Николай Алехин өңдүү машыктыруучулар жетектеген курамда Ксения Файсканова, Анна Буланова, Адилет Кыштакбеков, Алексей Намуратов жана Арина Клещукова сыяктуу спортчулар бар. Курамдын аталган оюндарга барып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 369 миң сом бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан