Катар мамлекети учурда жогорку ылдамдыкта өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Мамлекет жаратылыш газынын запастары боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Эң ири кирешелерин нефтини экспорттоодон табат. Өнүгүү жолуна түшкөн бул мамлекетке Эл аралык футбол федерациясы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугун берген.
*
SUPER.KG порталынын кабарчысы Доха шаарында болуп, мелдешке карата көрүлүп жаткан даярдык менен таанышып кайтты. Доха шаарында учурда 3 стадиондун курулуш иши кызуу жүрүп жатат.
*
* Катар Улуу Британиядан көз карандысыздыгын 1971-жылы жарыялаган. Калктын 40 пайызын арабдар түзөт. Калган бөлүгүн Пакистандан (18 пайыз), Индиядан (18 пайыз), Ирандан жана башка мамлекеттерден көп жылдар мурун келип отурукташып калган калк түзөт. Андыктан өлкөдөгү кара жумуштарда түбү индиялык, пакистандык, непалдык жарандар иштешет. Алар жан багуу үчүн, үй-бүлө багуу үчүн кайсы жумуш болбосун жалданып иштөөгө даяр.
*
Жакында дүйнөдөгү беделдүү басылмалар курулуш иштеринде нормалар сакталбай жатканын айтып чыгышкан. Катарлыктар бул сынды четке кагып, журналисттерди “Халифа” стадиону менен тааныштырышты. 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи жана жабылуу аземи дал ушул стадиондо өтөт. Стадион өз тарыхында 3-ирет кайра куруу иштеринен өтүп жатат. Стадион 2006-жылы Азия оюндарынын ачылыш аземин кабыл алган. Алгач аталган оюндарга даярдалып, кеӊейтилген. Кийин кайрадан кеӊейтилип, эл аралык стандартка жакындаштырылган. Эми болсо уюштуруучулар Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талаптарына дал келтирүү үчүн кайрадан билек түрө курулуш иштерине киришишти.
*
Стадионду 2017-жылы бүткөрүү пландалууда. Ошол себептүү жумушчу күчтү улам алмаштырып, жылына 365 күн иштетүү каралган.
*
Стадионго сапарды уюштурган топ мүмкүн болушунча журналисттерге курулуш иштеринде баары жайында экенин көрсөткөнгө аракет кылды.
*
Барганыбызда кооптуу жайларда эскертүү берилген жазуулар, коопсуздукту сактоодогу тиешелүү эрежелер жазылып турганын байкадык.
*
Уюштуруучулардын айтымында, бул жердеги бардык кыймыл-аракет көзөмөлгө алынып турат. Журналисттер жумушчуларга суроо узатып, “укук бузуулар бар, коопсуздукка тиешелүү көӊүл бурулбайт” деген жооп ала алышкан жок. Дал ушинтип катарлыктар өзүлөрүнө айтылган сындарга жооп кайтарышты.
*
Стадиондон чыгып жумушчулар жашаган аймакка сапар алдык. Белгилүү болгондой, алар үчүн атайын жер бөлүнүп, көп сандагы 3 кабаттуу үйлөр салынган. Сыртынан карап эле жумушчуларга тиешелүү шарт түзүлгөнүн байкоого болот.
*
Бул жайда 1 бөлмөдө төрттөн жумушчу жашайт. Даараткана, ашкана жана душ бар. Ошондой эле алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турушат.
*
Алар үчүн жумуш убактысы эртең мененки саат сегизде башталат. Кечинде болсо саат жетилерге чукул келишет. Алган айлыктары болсо орто эсеп менен 600 долларга барабар (жергиликтүү валюта менен алганда 2 миӊ риалдан ашык сумма).
P.S. Дал ушинтип катарлыктар журналисттерди даярдык жакшы экенине, жумушчуларга жакшы шарт түзүлгөнүнө ишендиргендей болушту. Азыр Катардагы иштерге Эл аралык футбол федерациясынын Аткаруу комитети көз салып, канааттандырарлык экенин белгилеп келет. Арабдар акча жумшап, калгандары кара жумуш кылып жүрүп отуруп 2022-жыл да келет. Өнүгүүнү спорт аркылуу ишке ашырууну максат кылган Катарга ийгилик каалайбыз!