Бүгүн, 14-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун 3-тур оюндары орун алат. "А" тайпасында кыргыз футболчулары Сауд Арабиясына каршы беттешке чыкса, Ливан курамасы Өзбекстан менен беттешмекчи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 3-тур оюндарына саат 18:00дө старт берилет (Бишкек сааты боюнча).
Кошумчалай кетсек, "А" тайпасында Өзбекстан 1-орунду ээлеп, кийинки турга чыкты. 2-орунду кайсы команда ээлей турганы 3-турда билинет.
2 турдун жыйынтыгы боюнча тайпада Өзбекстан курамасы 6 упайы менен лидерликте турат. Ливан курамасында 2 упай болсо, Сауд Арабиясы менен өлкөбүздүн курамасында бирден упай бар.
Кыргыз футболчуларынын кийинки турга чыгар-чыкпасы Өзбекстан - Ливан беттешиндеги жыйынтыктан көз каранды. Эгер өзбек футболчулары жеӊишке жетишсе, кыргыз футболчулары Сауд Арабиясын утуу менен кийинки турга чыга алышат.
Назарыӊыздарга "А" тайпасында алгачкы 2 турда катталган жыйынтыктарды коймокчубуз:
10-февраль, 1-тур.
Ливан - Кыргыз Республикасы - 4:4
Өзбекстан - Сауд Арабиясы - 5:2
12-февраль, 2-тур
Сауд Арабиясы - Ливан - 3:3
Кыргыз Республикасы - Өзбекстан - 1:2