Бүгүн, 14-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун 3-тур оюндары болду. "А" тайпасында кыргыз футболчулары Сауд Арабиясына каршы беттешсе, Ливан курамасы Өзбекстан менен ойноду. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, кыргыз футболчулары 3:2 эсебинде утушту. Ал эми өзбек футболчулары Ливанды 2:0 эсебинде утуп алышты.
Жыйынтыгында "А" тайпасында плей-офф баскычына Борбордук Азиянын эки мамлекетинин курамалары чыгышты. Кыргыз футзалчылары плей-офф баскычында Иран курамасы менен беттешет.