Өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасында спринт жарышында кыргыз биатлончусу Кундуз Абдыкадырова 49-орунду ээледи

12-февралда Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасы старт алды. Анда 15 жаштан 18 жашка чейинки курактагы спортчулар 15 спорт түрү боюнча 70 комплект медаль үчүн таймаш өткөрүшүүдө. Жалпы спортчулардын саны миңден ашат.

Мелдешке мамлекетибиздин желеги астында биатлончу Кундуз Абдыкадырова катышууда. Ал кечээ, 14-февраль күнү биатлондун спринт түрү боюнча жарышка түшүп, 49-орунду ээледи. Бул жарышта алдынкы үчтүккө кирип, Жюлиане Фрювирд (Германия), Марте Кракстэд Йохансен (Норвегия), Арина Пантова (Казакстан) сыяктуу спортчулар медаль тагынышты. Чемпион аталган немис спортчусу 6 чакырымды басып өтүүгө 18 мүнөт 23 секунда коротту. Ал эми күмүш медаль ээси аралыкты 18 мүнөт 29 секундада артта калтырса, казак спортчусу мара сызыгын 18 мүнөт 40 секундада багындырды.

Ал эми жарыш алкагында кулап түшүп, кайра сапарын улаган кыргыз спортчусунун көрсөткүчү 26 мүнөт 21 секундага барабар.

Кошумчалай кетсек, биатлондун спринт түрүндө өспүрүм курактагы кыздар 2 чакырымдан 3 айлампаны басып өтүшөт. Алгачкы айлампадан кийин спортчулар жаткан абалда бутаны атышат, экинчи айлампадан кийин турган абалда бутаны таамай атуу аракетин көрүшөт. Ок бутага тийбей калган учурда спортчулар айып айлампасын багындырууга тийиш (150 метр аралык).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Genar.benicio
2016-02-15 10:37:55
Жаман чоон кыздар го алар
0
aydarov...
2016-02-15 13:54:38
Озу 50 Адам жарышка тушкон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан