Бойго жеткен кыз кыздар тарабынан сабалып, ал Улуттук госпиталга жаткырылды. Окуя 13-февраль күнү болгонун SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан 15-февралда тастыкташты. Маалым болгондой, Кемин районунун 18 жаштагы тургуну сабалгандан кийин эле ооруканага жаткырылган. Катуу соккудан улам кыз башынан жаракат алган. Окуя Панфилов районундагы Кайыңды айылында болгон.