Өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасында кыргыз спортчусу Кундуз Абдыкадырова алтын медаль тагынса, өкмөттөн 1 миллион сом сыйлык алат

12-февралда Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасы старт алды. Мелдешке 15 жаштан 18 жашка чейинки курактагы спортчулар катышууда. Алар 15 спорт түрү боюнча 70 комплект медаль үчүн таймашып жатышат.

Мелдешке мамлекетибиздин желеги астында биатлончу Кундуз Абдыкадырова катышууда. Ал кечээ, 14-февраль күнү биатлондун спринт түрү боюнча жарышта 49-орунду ээлеп калды. Спортчунун дагы эки жарышка түшүүгө укугу бар.

Спортчу эгер мелдеште алтын медаль тагынса, өкмөт тарабынан 1 миллион сом сыйлык алат. Эгер күмүш медалды багындырса, 500 миң сом, ал эми коло үчүн 250 миң сом каралган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматында айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azim.00kg
2016-02-15 14:49:58
жакшы ойлоптур.
0
sagyn01
2016-02-15 14:55:09
49-Орунду алды
0
maku88
2016-02-15 15:00:03
Шайтан азгырыгы дейт бундайды келме келтирип намаз куран окууп журсок Аллахым озу сактайт
+2
Asadulla
2016-02-15 15:11:06
Мен тушунбодум гулжигит 45 мин доллар бы же 30 мин би куттуп алса анын он бешминин а.атамбаев сураса анан кантип булар га сыйлык берет ?
0
elgiz0890
2016-02-15 15:47:09
Биздин жеп жутарлар бербей калдыго
0
mamashov-emil
2016-02-15 21:55:26
1 orundu ala albagany uchun jon ele aityp koiushtu bizdin sportsmenka kecheginde jygylyp kalyp kyila kop sekund minutany jogotup alyptyr 4 promah ketiriptir akyrky orunda keldi bez promah atyp dagy katuuraak jugurup finishke barsa anda top 10 kuchtuu sportsmenkalardyn arasynda kelse bolot birok any uchun aiabagandai emgek kerek
0
bakyt.kg
2016-02-16 10:58:11
кыргызстандан жалгыз бир кызыбыз барса анан биринчи орун дебей барып катышканы учун деп берсе казына ойулуп калмак беле кийинки спортчуларга дем куч болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан