Кыргыз спортчулары "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештерге катышууда. Алгач улуттук курам Австриянын Оберварт шаарында өткөн мелдешке катышты (11-14-февраль аралыгында). Спортчуларыбыз катыша турган кийинки мелдеш 15-22-февраль аралыгында Германиянын Дюсельдорф шаарында өтмөкчү.
Ошондой эле улуттук курам 26-29-февраль аралыгында Чехиянын Прага шаарында Гран-При мелдешине катышат. Бул мелдеш алдында команда 22-25-февраль аралыгында машыгуу сборун өткөрөт.
Курамда Отар Бестаев, Бакытбек уулу Арген, Владимир Золоев, Чынгыз Мамедов, Юрий Краковецкий сыяктуу спортчулар бар. Башкы машыктыруучу - Абдразак Шаршенов. Команданын аталган мелдештерге катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 1 миллион 575 миң сом бөлүндү.