Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасы уланууда. Мелдешке Кыргыз Республикасынын атынан чыгып жаткан биатлончу Кундуз Абдыкадырова кечээ, 15-февралда биатлондун "пасьют" түрү боюнча жарышка түштү. Жарышка жалпысынан 49 спортчу катышкан.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда 7,5 чакырым аралыкка жарышуу болду. К.Абдыкадырова ок атууда болсо 17 ирет бутага таамай ата алган жок. Бул жолу да спортчубуз 14-февралдагы спринт жарышындагыдай эле 49-орунду ээлеп калды.
Бул жарышта алтын медалды украиналык Кристина Дмитренко багындырды. Кыргыз спортчусу жеңүүчүдөн дээрлик 22 мүнөт артта калды.
Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасына 15 жаштан 18 жашка чейинки курактагы спортчулар 15 спорт түрү боюнча 70 комплект медаль үчүн таймаш өткөрүшүүдө. Жалпы спортчулардын саны миңден ашат.