Жайыл районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы К.Н. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар ага таандык челек, темир түтүктөрүн, чоюн батареяларын, ушул сыяктуу башка буюмдарын алып кетишкенин айткан. Учурда келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы А.Н. аттуу Кара-Балтанын тургуну кармалган. Учурда факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.