Футбол боюнча улуттук кураманын коргоочусу Тамирлан Козубаев Сербиянын Суперлигасында ойногон "Ягодина" футболдук клубу менен сезондун аягына чейин келишим түздү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Т.Козубаев акыркы сезонду Литванын “Гранитас” клубунун курамында өткөргөн (аталган клуб сезон соңунда Литванын Лигасында 8-орунду ээлеген). Буга чейин жаштар курамасында ойноп келген коргоочу 2015-жылы Улуттук курамга чакырылып, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 3 беттеш өткөргөн.
"Ягодина" футболдук клубу учурда Сербиянын Суперлигасында 14-орунду ээлеп келет. Лигада жалпысынан 16 команда ойнойт.