Бүгүн, 16-февралда футбол боюнча клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычындагы оюндар башталат. Бул күнү 2 беттеш орун алмакчы.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда португалиялык "Бенфика" өз үйүндө орусиялык "Зенитти" кабыл алат. Ал эми Франциянын чемпиону Англиянын өткөн сезондогу чемпиону “Челси” менен беттешет.
ПСЖ (Франция) - “ЧЕЛСИ” (Англия)
Стадион: "Парк де Пренс", Париж шаары.
Калыс: Карлос Веласко Карбальо (Испания)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
“БЕНФИКА” (Португалия) – “ЗЕНИТ” (Орусия)
Стадион: "Эштадиу да Луж", Лиссабон шаары.
Калыс: Жанлука Рокки (Италия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)